Лицензия чыры: жетекчи сөгүш алып, орун басарлары иштен кетти

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер байлыгын колдонуу тармагындагы коопсуздук маселеси президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди кызматынан бошотту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттө 4-февралда байлыктарды иштетүү маселелери боюнча кеңешме өткөн.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата сын айтылган. Президент Жээнбековдун андагы коррупциялык иштерге жаалы келип, реакциясын билдирген.

"Тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турат. Буга ведомствонун жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер да күнөөлүү. Өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп алар ачык саботажга чейин жетишүүдө", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр Осмонбетовго тоо-кен өнөр жай чөйрөсүн ачык-айкын кылган, мамлекеттин, инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер тагылганын айтты.

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы
"Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес. Мен жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну, берилген лицензияларды инвентаризациялоону, иш жүзүндө канча объектиде иштер жүргүзүлүп жатканын талдоону тапшыргам. Пайдалуу кендерди казып алуунун натыйжалуулугун, экологиялык жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап чыгууну сурагам. Мисалы, кен объектилерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилип кеткен. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткара алган жоксуңар", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту.

"Мындай коррупцияга баткан аткаминерлердин айынан коомдо бийликтин дарегине нааразычылык айтылып жатат. Инвестициялык климат жабыр тартууда. Уруксат кагаздарын берүү процедураларын жана инвесторлор менен иштөөнү өзгөртүү зарыл. Инвесторлорго мамлекеттик мамиле жана мамлекеттик колдоо сакталышы керек. Буга байланыштуу лицензия берүүнүн негизги жоболоруна сынактык жана аукциондук кен байлык объектилерине мамлекеттин милдеттүү үлүшүн караган ченемдер киргизилет", — деген Абылгазиев.

Ал Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин ишке жөндөмсүздүгүн сынга алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0