Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Канат Жумагазиев. Архив

Бишкек ШИИББге жаңы жетекчи дайындалды

481
(жаңыланган 09:34 08.02.2019)
Тийиштүү буйрукка ички иштер министри кол койду.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Канат Жумагазиев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгон.

Жумагазиев буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жетектеп турган. Эми бул орун бош турат.

Ал эми Бишкек ШИИББдин мурдагы жетекчиси Сталбек Рахманов ИИМдин Күбөлөрдү мамлекеттик деңгээлде коргоо башкармалыгын башкармай болду.

481
Белгилер:
ИИМ, Бишкек
Тема боюнча
Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында журналисттерди нааразы кылды