150 миң доллар алып тергөөнү токтотууга жардам берген. Илмияновдун иши

© Фото / секретариат СДПКИкрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт
Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары учурда тергөө абагында.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президенттик аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар өлчөмүндө пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

УКМК кызматкерлери Илмияновду Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келишкен. Биринчи Май райондук соту аны 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Мурунку аткаминер Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин ("Шылуундук") негизинде айыпталууда.

"Илмияновдун чет элдик компаниядан 150 миң доллар пара алганы аныкталды. Ал кылмыш ишин токтотууга көмөктөшүп, натыйжада ишкананын жүк ташуучу унаалары камактан чыгарылган", — деди Сагынбаев.

Ал аталган иштин дагы бир каарманы болгон Салык кызматынын адиси да тергөө абагында экенин кошумчалап, тергөө уланып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0