Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Кыргызстанга келе турган Путин менен телефондон сүйлөштү

232
(жаңыланган 09:34 08.02.2019)
Россия президентинин марттын соңунда Кыргызстанга келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу россиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле ортодо Путиндин марттын соңунда Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапары тууралуу да сөз болгон.

232
Белгилер:
телефон, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Путиндин маалымат кызматында иштегендердин айлыгы айтылды
Путин Россиянын Кыргызстандагы элчисин алмаштырды