Портфель кармаган киши. Архивдик сүрөт

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары алмашты

896
(жаңыланган 09:34 08.02.2019)

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары алмашты. Бул тууралуу маалыматты ведомстводон тастыкташты.

Билдирмеге караганда, биринчи орун басарлык кызматка Султан Мамасадыков дайындалды.

Тийиштүү буйрукка кол коюлган-коюлбаганы азырынча айтыла элек.

Белгилей кетсек, Султан Мамасадыков 2017-жылдары Борбордук бажы кызматын жетектеген. Кийин анын ордуна Ким Ин Сен келген.

896
Белгилер:
орун басар, Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Пара алып көрдүңүз беле? Бажы кызматынын төрагасынын реакциясы видеодо