Сот залы. Архив

Жогорку сот депутат Коргонбай уулуна мандатын кайтаруудан баш тартты

65
(жаңыланган 10:26 09.02.2019)
Кош жарандыгы үчүн мандатынан ажыраган депутат райондор аралык соттон БШКны утуп алган болчу.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жогорку сот Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна мандатын кайтарып берүүдөн баш тартты. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Коргонбай уулу Россиянын жараны экени аныкталгандан кийин 19-декабрда мандатынан кол жууган. Мындан улам ал БШКнын токтомун жана Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу талабы менен райондор аралык сотуна даттанып утуп алган. Бирок БШК бул чечимге нааразы болуп Жогорку сотко кайрылган.

"7-февралда Жогорку сот Жусупбек Коргонбай уулуна мандатын кайтарып берген райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Жусупбек Коргонбай уулу "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, 2018-жылдын жайында комиссия Россиянын Юстиция министрлигине депутаттын жарандыгы тууралуу маалымат сурап кайрылган. Ал тараптан Коргонбай уулу 2007-жылы Россиянын жарандыгын алганын жана ал бүгүнкү күнгө чейин жарактуу экенин тастыктаган жооп келген.

65
Белгилер:
Бишкек шаардык кеңеши, мандат, Жогорку сот, БШК
Тема боюнча
Мурдагы депутат Музаффар Исаков шарттуу түрдө 7 жылга кесилди