Ачкыч. Архивдик сүрөт

Прокуратура Атамбаевдин экс-жан сакчысы кандай кылмыш жасаганын айтып берди

1276
(жаңыланган 12:20 09.02.2019)
Укугу тебеленген кызматкерлер УКМКга арыздангандан кийин териштирүү жүрүп мыйзамсыз фактылар аныкталган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевге тагылган айып боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Мусакеев 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган.

"Турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, узак мөөнөттөн бери күтүп кезеги келгендерди эске албай, акыркы кезектеги кызматкерлерге батир берген. Мындай мыйзамсыз жол менен 15 кызматтык батир берилген, анын ичинде мурда алган үч кызматкерге экинчи ирет кайталап берип салган", — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Мунун кесепетинен алдыңкы кезекте турган, чынында эле турак жайга муктаж 18 кызматкер үй ала албай калган. Укугу бузулган жабырлануучулар УКМКга арыздангандан кийин кызматтык териштирүү жүрүп, аталган фактылар аныкталган.

"Мындан улам Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Дамир Мусакеев Кылмыш кодексинин 320-беренеси боюнча ("Кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген") шектелип, ага кабарлама тапшырылды. Ал мыйзамсыз иштери менен мамлекеттик бийликтин беделин түшүрүп, жарандардын мыйзамдуу түрдө корголушу жана социалдык адилеттүүлүк боюнча ишенимин кетирди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, башкы көзөмөл органы "Кызматтык батирлердин бири да менчиктештирилген эмес, ошол эле учурда мамлекет чыгымга учураган жок" деген комментарийлерге да жооп берген. Бул жагдайда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы жана башка кызматкерлердин укугу тебеленгени айтылат. Анан да белгилүү бир мөөнөттөн кийин жашап жаткан турак жайларын өзүнүн менчигине өткөрүп алууга укуктуу экени белгиленет.

Ошондой эле Башкы прокуратура буга чейин да ушул сыяктуу мыйзам бузуулар катталганын эскерткен.

"Турак жайларды мыйзамсыз бөлүштүргөн деп Коргоо министри К.Өмүралиев жана орун басары Ж.Капаров баштаган министрликтин жогорку кызматтарында иштеген бир топ кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, ар кандай жаза берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Биринчи Май райондук соту Дамир Мусакеевдин бөгөт коюу чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу чечимин чыгарганын кабарлаган. Анын айтымында, Мусакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди БАЭге болгон жеке сапарында коштоп барган.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков во время выступления
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн жетекчиси Дамир Мусакеев 2018-жылдын апрель айынын башында президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматынан бошотулган. Аны президент кезинде Алмазбек Атамбаев аталган кызматка 2016-жылдын 1-июнунда дайындаган.

УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилердин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет.

1276
Белгилер:
кызмат, кылмыш иши, Башкы прокуратура, Дамир Мусакеев
Тема боюнча
Сагынбаев: Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алган
УКМК: экс-министр Батыралиев өлкөгө 107 млн. сом зыян келтирген