Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путиндин архивдик сүрөтү

Жээнбеков Путин менен Сочиде жолукту. Ортодо эмне кеп болду?

640
(жаңыланган 22:37 09.02.2019)
Россия президентинин Кыргызстанга марттын соңунда келери айтылган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Сочи шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путиндин бейрасмий жолугушуусу өткөнүн Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өлкө башчылар эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулап, аймактагы абал тууралуу пикир алмашкан.

Мындан тышкары, жолушуунун жүрүшүндө Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарына даярдык тууралуу да сөз болгон.

Мамлекеттик сапар марттын соңунда болору айтылган.

Эки күн мурун президенттер телефон аркылуу да баарлашкан.

640
Белгилер:
Сочи, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Экинчи база" боюнча маселени Айдарбеков менен Лавров талкуулаган жок
Жээнбеков Кыргызстанга келе турган Путин менен телефондон сүйлөштү