Токой чарбасы агенттигиндегилердин көбү жазаланып, кээ бири кызматтан кетти

© Фото / Влад УшаковФакты незаконной вырубки лесов. Архивное фото
Факты незаконной вырубки лесов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
41 кызматкер жаза алса, 29 башкы эсепчи кызматтан кеткен

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Токой чарбасы жана жаратылыш парктар боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери ишиндеги кемчиликтери үчүн жазаланды. Бул маалыматты Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Төрт адам сөгүш алган. Иштеги кемчиликтери жана жерди киреге берүүдөн түшкөн каражатты өз учурунда которбогондугу үчүн 59 адамга эскертүү берилген. Жетекчилерден сырткары башкы эсепчилер да жазага кириптер болгон.

Кызматтан алынгандар:

— "Хан-Теңири" жаратылыш паркынын директору Бекбоев;

—"Кызыл-Үңкүр" токой чарбасынын башкы эсепчиси Чымынтаев;

— "Арка" токой чарбасынын директору Асанов;

— "Кочкор-Ата" токой чарбасынын башкы эсепчиси Кошоева;

—"Жай-Терек" токой чарбасынын башкы эсепчиси Айдаров.

2019-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча "Сары-Челек" биосфералык мамлекеттик аймагынын директору Эсеналы Ормоналиевдин кызматын аркалай алаар-албастыгын кароо маселеси көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0