Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов. Архив

Депутат болуп келиңиз! Курсан Асановду эл өкүлдөрү катарына чакырды

1079
(жаңыланган 11:43 13.02.2019)
Депутат министрдин орун басары берилген бардык суроого так жооп берип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов депутаттардын берген суроолоруна ушунчалык жакшы жооп берип жатканын белгиледи.

"Курсан Сатарович, сиз абдан жакшы жооп берип жатасыз, кийинки чакырылышта бул жакка (Жогорку Кеңешке — ред.) келиңиз", — деди депутат.

Кыдыралиевдин мындай сунушуна Асанов жооп берген жок. Бирок вице-спикер Мирлан Бакиров "Курсан Сатарович даярдык көрүп жатса керек" деди.

Бүгүн депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылы өтөт. Азыркы 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 6 фракция бар.

1079
Белгилер:
депутат, Курсан Асанов, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
ИИМ: депутат Жолдошбаевдин күйөө баласы делген киши милициядан кеткен