Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду

Жазылуу
Өткөн жылы коррупцияга байланыштуу бир топ аткаминерлерге кылмыш иши козголду. Алардын арасында ири суммада пара алып жаткан жеринде кармалган аткаминерлер, хан сарайга ээлик кылган мамлекеттик кызматкерлер бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ал жагдайларды эске салып, козголгон иштер кайсы баскычка жеткендигин тактап көрдү.

Таптырбай кеткен Шадиев

© Фото / пресс-служба политпартии СДПКБашкы прокуратура 2018-жылдын апрель айынын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура 2018-жылдын апрель айынын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев

Башкы прокуратура 2018-жылдын апрель айынын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата "Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп иш козгогон. Ага Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп туруп мамлекетке 2 миллион 61 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген деп айып коюлган. Бирок Шадиев иши козголордон бир күн мурун Исфанага (Баткен облусу) тууганынын тажыясына кетип, ал жактан суу кечип кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп, дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткен. Ал эми жай мезгилинде ага карата дагы эки берене боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында сот жыл соңунда Шадиевди он жылга эркинен ажыратып, 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлкүн мамлекеттин менчигине өткөрдү.

Прокуратура кызматкери жана 200 миң доллар пара

УКМК кызматкерлери 2018-жылдын апрель айында Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыктын жетекчиси Улан Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Анын негизинде укук коргоо кызматкерине карата Кылмыш жана жаза кодексинин 313-1-беренеси ("Пара алуу") боюнча айып тагылып камакка алынган. Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, учурда иш сотто каралып, аталган кылмышка дагы төрт киши шектелүүдө.

Оозду ачырган 520 миң доллар

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог КРТранспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев

Өткөн жылдын соңунда транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоп 520 миң доллар пара алууну көздөгөн. Аткаминер ага чейин 120 миң долларын алса, калганын шашпай алмак. Шектүү учурда камакта, тергөө уланып жакынкы аралыкта иш сотко өткөрүлөт.

Миллиондогон зыянга учураткан Кулматов

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов

Бишкектин экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Коррупция") негизинде айыпталып, мамлекетке 94 миллион сомдон ашык зыян келтирген делүүдө. Ал мэр болуп турган кезинде ТBEA кытай компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деп күнөөлөнгөн. Ошондой эле аталган кылмыш иши боюнча мурдагы мэр Албек Ибраимов жана Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов да шектелип, алардын 63 миллион сомго бааланган мүлкү камакка алынган. Иштин тергөөсү аяктап сотко өткөрүлдү.

Москвада колго түшкөн Илмиянов

© Фото / секретариат СДПКПрезиденттик аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмиянов
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Президенттик аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмиянов

Президенттик аппарат жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар өлчөмүндө пара алган деп шектелүүдө. Ал мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө кылмыш иштин тергөөсүн токтотууга көмөктөшүп, натыйжада бир ишкананын жүк ташуучу унааларын камактан чыгарткан. Илмияновду УКМК кызматкерлери өткөн жылдын октябрь айында Москвадан кармап Кыргызстанга алып келген. Анын бардык мүлкү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Кылмыш иши боюнча рекорд

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри Албек Ибраимов
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов 2018-жылдын 19-июлунда кармалган. Ал төрт кылмыш иши боюнча шектелүүдө. Азыр ал иштер соттун кароосунда. "Дастан Инжиниринг" жана "Дастан" (буга чейин аталган компанияны Ибраимов башкарчу) компанияларынын ортосундагы келишим менен атайын жабдуулар кымбат баада жеткирилип, жалпы чыгым 21 миллион сомду түзгөн. Буга байланыштуу Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине айып тагылган.

Экинчи иште ага ишенип берилген мүлктү чыгымдап, ээлеп алууга шектелип, иш "Солнечный берег" пансионат" ААКнын 100 пайыз акциясын сатуу фактысы боюнча козголгон. Анын натыйжасында "ТНК Дастан" ишканасы 152 миллион сомдон ашык зыянга учураган. Калган эки кылмыш иши боюнча борбор калаанын аймагында жер тилкелерин бөлүштүрүү, жер тилкелерин муниципалдык менчиктен чыгарып, андан ары сатуу схемасын түзгөн деп айыпталууда.

Бишкектеги ЖЭБдин айланасындагы иштер

Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦти оңдоо боюнча коррупцияга айыпталган 8 кишинин иши сотко өттү
Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, Бишкектеги Жылуулук электр борборуна байланыштуу беш кылмыш иши козголуп, үчөө сотко жиберилген. Анын негизинде "Электр станцияларынын" бир катар жетекчилери ЖЭБди 2017-2018-жылдардагы жылытуу сезонуна даярдоо боюнча фирмалар менен келишим түзүшкөн. Каражат которулуп, ал эми ремонт иштерин жылуулук электр борборунун кызматкерлери өздөрү жасаган. Акча каражатын кымырып жана мыйзамсыз чыгарып алууга айыпталып "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана ушул эле мекеменин техникалык директору Алмазбек Жусупбеков камакка алынган. Жыйынтында сот өткөн жылы Бердибек Боркоевди 7,5 жылга, Алмаз Жусупбеков менен Темирбек Ниязовду жети жылга жана Канат Деркинбаевди алты жылга эркинен ажыратты.

Андан сырткары, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын мурдагы башчысы Айбек Калиевге, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Тамерлан Бримкуловго, "Электр станциялары" ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаевге, Бишкек ТЭЦинин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулуна карата ачылган кылмыш иши сотто каралууда. Ошондой эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Осмонбек Артыкбаевдин, Салайдин Авазов жана Ольга Лаврованын иши сотко өттү. Аткаминерлердин мүлкү да камакка алынган. Алар мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогон документтерге кол коюп өлкө казынасына беш миллиард сомдон ашык зыян келтирген делүүдө.

Бакуда кармалган Жунусов

© Фото / официальный сайт ЕЭКМамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, өткөн жылдын сентябрь айында издөөгө алынган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы ал Бажы кызматынын төрагасы болуп туруп 2013-жылдан 2016-жылга чейин бир ЖЧК жана бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен коррупциялык аракеттерге барып мамлекетке 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргендигин ачыктаган. Бир нече ай өткөн соң Жунусов Азербайжандын борбору Бакуда колго түшүрүлүп Кыргызстанга экстрадицияланган. Ушу тапта иши тергелип жатат.

Зилалиевге таандык делген миллиондогон сомдор

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду - Sputnik Кыргызстан
Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен учурда камакта. УКМК Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар, ал жашаган үйдү жана ага тиешелүү объектилерди тинтүүгө алып 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар накталай акча, кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар жана кызматтык күбөлүктөрдү таап чыккан. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2018-жылдын октябрь айынын ортосунда Зилалиевди бомба маселеси боюнча үч жылга шарттуу эркинен ажыраткан болчу.

Хан сарайда жашаган бажычы

Өткөн жылдын май айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Борбордук бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевди кармаган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагылып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин камакка алган. Айбашев Борбордук бажыны жетектеп турганда "А." ЖЧКсы менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытайдан келген товарларга мыйзамсыз бажы каттоолорун жүргүзүүгө жол ачып берген деп айыпталууда. Жыйынтыгында ал мамлекетти 166 миллион сомдон ашык зыянга учураткан. Кылмыш иши өткөн айда сотко өткөрүлгөн.

Эске сала кетсек, бир жыл мурун Сооронбай Жээнбеков КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүүгө саясий эрки жетерин билдирип, паракорлорго согуш жарыялаган. Азыркы учурда коомчулук өлкө башчыдан көп нерсени күтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0