Фемида айкели. Архив

Кылмыш жасаган экс-президентти катардагы жарандай жоопко тартуу сунушталды

270
(жаңыланган 16:54 13.02.2019)
Тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбеков кол тийбестик макамы КР президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилиндеги аракеттерине гана тиешелүү экенин, эгер экс-президент учурунда кылмыш жасаса, катардагы жарандардай эле жоопко тартыларын айтты.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эгер бийликтен кеткен экс-президент статусу бар жаран кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди жасаса, ал катардагы жарандардай эле жоопко тартылат. Мындай сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков айтты.

Учурда депутаттар "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Депутат Исхак Масалиев экс-президент макамы бар киши кылмыш жасаса кандай жоопко тартыларына кызыкты.

"Президент учурунда жасаган аракеттери үчүн кол тийбестикке ээ, президент болбой турган учурда жасаса кандай болот?" — деп суроо салды Масалиев.

Тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбеков кол тийбестик макамы КР президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилиндеги аракеттерине гана тиешелүү экенин, эгер экс-президент учурунда кылмыш жасаса, катардагы жарандардай эле жоопко тартыларын айтты.

Депутат Акылбек Жапаров жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда экс-президент саясатка аралашпасын деген норма киргизилип жатканын белгиледи. Анын айтымында, мурдагы президенттер "экс" статусу бар туруп премьер, спикер же партияны баштап шайлоого аттанам десе, бардык кол тийбестиктеринен баш тартуусу керек.

Эл өкүлү мисал катары Германиянын канцлери Ангела Меркелди келтирип, мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу партиянын лидерлигинен кетип, партиянын катарынан чыгып, саясатка аралашпайм деп жатканын айтты.

270
Белгилер:
кол тийбестик, президент, Канат Керезбеков, Исхак Масалиев, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Экс-президенттерди кол тийбестиктен кантип ажыратуу керек. КП сунуш киргизди
Бекназаров, Келдибеков, Дүйшөбаев Атамбаевди кайра сотко берди