Премьер Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысын иштен алды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев жыл сайын 49 миллиард сомдон ашуун каражат мамлекеттик органдардын, бюджеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик компаниялардын муктаждыктарына жумшаларын, анын 79 пайызга жакыны импорттолгон болуп саналарын белгиледи.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, мекеменин жетекчиси Улан Озумбековду иштен алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Россия президенти Владимир Путин Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Алаксыбачы! Путин Татарстандын башчысына эки ирет эскертүү берди. Видео
Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Тийиштүү министрлик жана ведомстволор мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү, борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу боюнча механизмдерди, катышуучуларга квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жаатындагы жана башка тапшырмаларды аткарбагандыгы айтылды.

Абылгазиев жыл сайын 49 миллиард сомдон ашуун каражат мамлекеттик органдардын, бюджеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик компаниялардын муктаждыктарына жумшаларын, анын 79 пайызга жакыны импорттолгон болуп саналарын белгиледи.

"Биз мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануубуз керек. Ал үчүн өндүрүшчүлөрүбүздү колдоого алуунун иштиктүү чараларын иштеп чыгуубуз жана алардын мамлекеттик сатып алууларга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүчү тутумду ишке киргизүүбүз зарыл. Ар бир мамлекет өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана социалдык милдеттердин чечилишине шарт түзүү аркылуу өз ишкерлерин колдоого алат", — деди Абылгазиев.

Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылбагандыгы үчүн премьер-министр Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду кызматынан бошотуп, финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди.

Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүк жана жүргүнчү ташыган айдоочулардын лицензия алуусу жеңилдейт
Мындан тышкары, өкмөт башчы Финансы жана Экономика министрликтеринин ишине канааттандырарлык эмес деген баа берди. Планды аткарууга жоопкер мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Аны менен бирге Финансы министрлигине 2019-жылдын 1-мартына чейин товарлардын электрондук каталогунун веб-порталынын жобосун (учурдагы бааларды көрсөтүү менен ташып келүүчүлөр жана жалданма компаниялар тарабынан сунушталган товар, эмгек жана тейлөөлөрдүн тутумдаштырылган тизими) иштеп чыгууну жыйынтыктоо тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0