КТРКнын башчысы болом дегендердин саны бешке жетти

Жазылуу
Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору 4 жылга шайланат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. КТРКнын башчысы болом дегендердин саны бешке жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине телеканалдын Коомдук байкоочу кеңешинин катчылыгынан билдиришти.

Талапкерлердин аты-жөнү 18-февралда белгилүү болот. Дал ушул күнү арыздарды кабыл алуу токтоп, Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү келип түшкөн арыздарды карай баштайт.

Эске салсак, КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбеков дагы ачык конкурска катышуу ниетин билдирди.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты
КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынактын талабы боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес иш жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү, түшүнүп-баамдоосу зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.

Сынакка катышуучу талапкерлер байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өз таржымалын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши зарыл.

Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. Документацияга белгиленген талаптар бузулган учурда берилген документтер байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылат. Зарыл болгон учурда байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагысынан өткөн талапкерлер гана чакырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0