Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду

© Фото / пресс-служба МИД КР Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев
 Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ниязалиев элчилик кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат. Ал элчилик кызматка 2015-жылы 8-декабрда дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0