Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев кызматынан кетип, наамы төмөндөдү

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек Борбор калаанын экс-вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев. Архив
 Борбор калаанын экс-вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбиев 2010-жылдан бери вице-мэрлик кызматты аркалап келген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Встреча полномоченого посла КР в государстве Катар с г-ном Мисфери Хамадом Аль-Шахвани - Sputnik Кыргызстан
Катардагы элчи тышкы иштер министринин биринчи орун басары болду
Дүйшөмбиев вице-мэр болуп турганда курулуш жаатын көзөмөлдөп келген. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери аркалап, мэрлер Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана Азиз Суракматов менен иштешкен.

"Бишкексууканалдын" мурдагы жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен иштен кетти.

Ал эми курулуш жана архитектура жаатын тескеген вице-мэрдин милдетин башка вице-мэр, Рыспек Сарпашев аткармай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0