Бишкек шаарынын мэри дээрлик бардык орун басарларын иштен алды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дээрлик бардык вице-мэрлерди кызматтан алганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Татьяна Кузнецова дайындалды. Ал буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болчу. Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Асел Куламбаева иштен кеткенден бери орду бош 

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев милдетин так аткарбаган төрт аткаминерге эскертүү берди
Транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Ситниковдун ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген Азизбек Алымкулов келди.

Шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрликке Уланбек Азыгалиев дайындалды. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген.

Вице-мэр Рыспек Сарпашов ордунда калды.

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0