Абылгазиев Тоң, Москва, Кемин райондорунун акимдерин дайындады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономический форум "Евразийская экономическая перспектива" в Бишкеке
Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жума күнү өкмөт башчы алты акимди жумуштан алган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үч районго аким дайындаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин талабын аткарган жок! Кыргызстанда ондогон акимдер сөгүш алды
Эскерте кетсек, 15-февралда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бир акимге сөгүш жарыялап, айрымдарын иштен алууну сунуштаган. Абылгазиев алты жетекчини кызматтан бошотуп, бир акимдин орун басарына сөгүш берген.

Премьердин буйругуна ылайык, Өмүр Ногоев Чүй облусундагы Москва районунун, Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун, Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0