Турганбаев ЖАМК колониялары менен башкармалыктардын жетекчилерин дайындады

© Sputnik / Виктор ТолочкоМинистр внутренних дел Кыргызской Республики Мелис Турганбаев во время поездки в Минск
Министр внутренних дел Кыргызской Республики Мелис Турганбаев во время поездки в Минск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМК жетекчиси кадрдык өзгөрүүлөр 10-марттан кийин болорун белгиледи.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси Мелис Турганбаев кадрдык өзгөртүүлөрдү жасаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Турганбаевдин 4-мартта кол койгон буйругуна ылайык, жаңы кызматка келгендер:

— Подполковник Таалай Бейшеналиев ЖАМКнын башкы штабынын жетекчиси болду. Буга чейин №5 абактын башчысы болчу;

Проверка главы ГСИН Мелиса Турганбаева колонии-поселении №32 и Центральной базы ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев эки колонияга барып нааразы болду. Сүрөт
— ЖАМКнын ички аудит бөлүмүнүн жетекчилигине Нурлан Дүйшөбаев көрсөтүлдү. Ал буга чейин аталган бөлүмдүн жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген;

— Майор Уланбек Акелов Беловодское айылындагы №45 жатак-колониясынын башчылыгына дайындалды;

— Полковник Азамат Айманбетов №38 абактын жетекчиси болду.

Турганбаев ЖАМКнын борбордук аппаратындагы орун алмашуулардан кийин мекеменин төмөнкү катмарларынын жетекчилери да алмаша турганын белгиледи.

Мелис Турганбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчылыгына 8-февралда дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0