Адилетсиз соттор тозокко түшөт. Жээнбеков хадистен мисал келтирди

Жазылуу
Бишкекте Кыргызстан сотторунун XI съезди өтүп жатат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан сотторунун XI съездинде судьялар тууралуу хадиске токтолду.

Өлкө башчы эске салгандай, "Пайгамбар соттордун үч түрү болот, алардын экөө тозокко түшсө, бири бейишке чыгат деп айткан".

"Адилет соттун орду бейиште. Ал эми чындыкты билбей туруп же билсе да адилетсиз чечим чыгаргандар дароо тозокко түшөт", — деп мисал келтирди президент.

Ошондой эле Жээнбеков соттун чечимин эч ким жокко чыгара албастыгын айтып, "эртеңки күнү баарыбыз Жараткандын алдында жооп берерибизди унутпашыбыз керектигин" кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0