Белоруссияда элчи болгон Өмүралиев эми Түркияда иштейт

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматына дайындалган Кубанычбек Өмүралиев
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматына дайындалган Кубанычбек Өмүралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын анын төрагасы Исхак Пирматов билдирди.

Портфельчен кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтери. Тизме
Белгилей кетсек, Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусов Өзбекстанга элчи болуп дайындалгандан бери анын орду бош турган.

Ал эми Кубанычбек Өмүралиев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси болуп иштеп келген. 2016-жылдан тарта Латвия, Литва жана Эстонияда да Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп келген.

Резиденция Белоруссиянын борбору Минск шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0