Аксы районуна жаңы аким дайындалды

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп Ыманберди Досбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Райондун буга чейинки акими Масалбек Мырзамамытов президенттин талабын аткарган жок деген негиз менен кызматтан алууга сунушталып, кийин жумуштан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0