Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

ЖК кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында карамай болду

101
Депутаттар чек арадагы абал боюнча маалымат угуп, аны чечүү жолдорун талкуулашат

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында карамай болду. Мындай чечим парламенттин жалпы жыйынында 75 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.

Баяндаманы биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жасайт.

Өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов жыйынды жабык эшик артында кароону сунуштады.

Бирок депутат Таабалды Тиллаев эл арасында паника болуп жатканын айтып, талкуу ачык жүргүзүлсүн деген пикирин айтты. Анткен менен жалпы добуш менен жыйынды жабык эшик артында кароо сунушу колдоого алынды.

Депутаттар чек арадагы абал боюнча маалымат угуп, аны чечүү жолдорун талкуулашат.

101
Белгилер:
талкуу, чек ара, Жогорку Кеңеш, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (30)
Тема боюнча
Зулпукаров: чек ара маселесин маалында чечпей азыркыдай көйгөйгө тушуктук
Кыргыз-тажик чек арасында чогулгандар тарай элек, бирок кагылышуулар жок