Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн өкмөт башчылары маселени талкуулашты

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВстреча Мухаммедкалыя Абылгазиева с Кохиром Расулзодой
Встреча Мухаммедкалыя Абылгазиева с Кохиром Расулзодой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүү маалында мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча сөз болду.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзода чек арадагы маселе боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 13-мартта, Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан улам Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Секретарь Совета безопасности КР Дамир Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча үн катты
Өкмөт башчылар белгилегендей, учурда эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абалды жөнгө салуу жана чектеш аймактарда туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүшүүдө.

Сүйлөшүү маалында мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча сөз болду.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн КР вице-премьери Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0