Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев. Архивдик сүрөт

Мелис Турганбаев ЖАМК менен колониялардагы кадрларды алмаштырды

239
(жаңыланган 16:07 19.03.2019)
№1 тергөө абагынын башчысы ЖАМК жетекчисинин орун басары болду.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев  кадрларды алмаштырганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эми ЖАМК башчысынын орун басарлыгын Мырзабек Адылбековдун ордуна №1 тергөө абакты жетектеп келген Аскат Эгембердиев аркаламай болду.

Ал эми түзөтүү колонияларында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болду:

№53 тергөө абагынын жетекчиси №8 колонияга которулду;

№23 колониянын жетекчиси болуп Түлөбай Эргешов дайындалды. Ал буга чейин №21 түзөтүү абагынын жетекчисинин орун басары болчу;

Сансызбай Хасенов №8 колониянын жетекчилигинен №53 мекемеге которулду;

Ал эми Талант Каниметов №45 түзөтүү колониясынын башчысы болгону айтылды.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев ушул жылдын февралында ЖАМК жетекчиси болуп дайындалып, бир катар кадрларды алмаштырган.

239
Белгилер:
кадрлар, Мелис Турганбаев, ЖАМК
Тема боюнча
Турганбаев ЖАМК колониялары менен башкармалыктардын жетекчилерин дайындады
Мелис Турганбаев эки колонияга барып нааразы болду. Сүрөт