Нурсултан Назарбаев эми эмне менен алектенерин айтты

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт
Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назарбаев 19-мартта президенттиктен кеткенин жар салды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстандын элине кайрылган биринчи президент Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин жар салды.

Назарбаев ошондой эле Казакстандын мыйзамдарына ылайык, анын биринчи президент — елбасы (улут лидери) деген статусу сакталып каларын билдирди. Андан сырткары, мындан ары эмне менен алектене турганын айтты.

"Мен Коопсуздук кеңешинин жана Nur Otan партиясынын төрагасы болуп иштей берем. Буга кошумча Конституциялык кеңештин мүчөсү боюнча калам. Мен сиздер менен болом", — деди Назарбаев.

Быйыл февраль айында Нурсултан Назарбаев анын президенттик ишмердигин мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Конституциялык кеңешке кайрылган болчу.

Назарбаевдин отставкасынын айланасында эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0