Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токаев 20-март күнү ант берди.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын жаңы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевди президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Назарбаевдин президенттиктен эмнеге кеткени белгилүү болду
Эскерте кетсек, 19-март күнү Казакстанды 30 жылга чукул башкарып келген Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетип жатканын жар салган. Ал шайлоо болгуча өлкөнү Касым-Жомарт Токаев башкарарын айткан.

Ал эми бүгүн, 20-март күнү, Токаев парламентте ант берип, президенттик кызматына киришти.

Жээнбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук мамиле улана берерине ишеним артты.

"Союздаштык жана ынак коңшулук мамиле биздин биргелешкен күч-аракетибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм", — деп айтылат куттуктоодо.

Касым-Жомарт Токаев тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0