Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Депутаттар кыргыз-тажик чегиндеги маселени эки жумадан кийин карамай болду

Жазылуу
Депутат Исхак Масалиев өкмөт толук даярданып келип маалымат берсин деген сунуш киргизген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусунда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалыматты 3-апрелде укмай болду. Тийиштүү чечим көпчүлүк депутаттардын добушу менен парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Депутат Исхак Масалиев өкмөт толук даярданып келип, маалыматты 3-апрелде берсин деген сунуш киргизген.

Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры: депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылууда
Талкуунун жүрүшүндө Алтынбек Сулайманов 22-мартта чукул жыйынга чогулууну сунуштаган. Бирок Масалиевдин сунушу колдоо таап, Сулаймановдун сунушу добуш берүүгө коюлган жок.

Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова өкмөттүн маалыматын угуу шашылыш түрдө 3-апрелге жылдырылып калганын айтып, эл өкүлдөрү маанилүү делген маселелерди түн жарымга чейин талкуулаган учурлар көп эле болуп келгенин, бул жыйынды түнгө чейин болсо да улантып талкууласа болмоктугун белгиледи.

Эске салсак, депутаттар 25-марттан 29-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0