Жээнбеков Путинди тосуу боюнча иш-чараларды талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 28-мартта келет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, РФ президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Рабочий визит президента России Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Путинди күтүп... Мамлекеттик сапар менен келген мейманды кантип тосуп алышат
Жолугушууда даярдык көрүү маселелери менен бирге тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланганы айтылат.

Министр Айдарбеков Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берген.

Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0