Кыргыз бийлиги Путиндин мамлекеттик сапарынан эмнелерди күтөт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Египет
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Египет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга 28-мартта келет.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары эки тараптуу кызматташууну мындан ары да чыңдай турганын КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында айтты.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар, ишкерлер, коомчулук күткөн Путиндин сапары. Эксперттер эмне дейт
Сыдыков ошондой эле Путиндин мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташууну, достукту жана экономикалык долбоорлорго жаңы дем бере турганын кошумчалады. Андан сырткары, кызматташуудагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун, атап айтканда, соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланат.

Сыдыков өз сөзүндө Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапары алдында Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгуу мүмкүнчүлүгү берилгенин айтып, андан көптөгөн мекендештер пайдаланат деген ниетин билдирди.

"Сүйлөшүү жана макулдашуу процесси жүрүүдө. Эки тарап тең болушунча көп документтер болот деп күтүп жатат. 30 документке кол коюлат деп ойлоп жатабыз", — деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет мамлекеттик сапар менен 28-мартта келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0