Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна жаңы аким дайындалды

© Sputnik / Жумагүл БактабасоваЫсык-Көлдүн Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Акылбек Түкөбаев дайындалды
Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Акылбек Түкөбаев дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы кол койгон.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Акылбек Түкөбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Министр МВД Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев ЖАМК менен колониялардагы кадрларды алмаштырды
Аймактык кабарчы маалымдагандай, 28-мартта өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров акимди район активине тааныштырды.

Түкөбаев 1964-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында президент Сооронбай Жээнбеков коюлган талаптар менен милдеттерди так аткарган жок деген кине менен бир топ район жетекчилерин кызматтан алган. Арасында Ак-Суунун мурунку акими Улан Доконбаев да бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0