Жээнбеков менен Путиндин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүп жатат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путин жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путин жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан кийин эки президенттин катышуусу менен дагы бир нече жолугушуу өтөт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путиндин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүп жатат.

Эске салсак, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен биринчи ирет келди.

Бул жолугушуудан кийин тараптар кеңири чөйрөдөгү жыйынга катышат. Андан соң бир нече маанилүү документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны берилет.

Празднование дня Военно-воздушных сил России на авиабазе ОДКБ Кант - Sputnik Кыргызстан
Россия "Кант" аба базасынын жер акысына 291 миң доллардан ашык акча төлөмөкчү

План боюнча президенттер андан ары Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине, Кыргыз-Россия региондор аралык VIII конференцияга барышат.

Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өтөт.

Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0