Жээнбеков Эрдоганды шайлоодо анын партиясынын жеңгени менен куттуктады

Жазылуу
Жээнбеков түркиялык кесиптешине ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалаган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүп, муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү, Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Телефон менен сүйлөшүп, мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Жээнбеков түркиялык кесиптешине ийгилик, бекем ден соолук каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0