Казакстан президенти Токаев Россияга тунгуч расмий сапар менен келди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКазакстан президенти Касым-Жомарт Токаев
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын алкагында эки тараптуу алака, ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруунун келечеги талкуулана тургандыгы айтылган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев шаршемби күнү Москвага расмий сапар менен келди. Бул анын мамлекет башчылыкка тургандан берки чет өлкөгө чыккан алгачкы визити. Маалыматты РИА Новости жазды.

Анын учагы "Внуково-2" аба майданына саат 11:00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө) конду. Токаевди Россиянын ТИМинин Протокол департаментинин башчысы Игорь Богдашев менен Казакстандын РФтеги элчиси Имангали Тасмагамбетов тосуп алды.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Токаев: башкаларчылап элибиз аянтка чыккан жок. Казак башчысынын маеги
Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы Токаев шаршемби күнү Россия президенти Владимир Путин менен жолугарын кабарлаган. Анда эки жетекчи эки тараптуу алаканы, ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруунун келечегин талкуулай тургандыгы айтылган.

Ал эми бейшемби күнү Токаев Федералдык жыйындын төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукмакчы.

Токаев Казакстандын президенттигине Назарбаев отставкага кеткенден кийин, 2019-жылдын 20-мартында, киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0