Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаседание депутатов Жогорку Кенеша
Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамдын 12-беренесинин аталышы кызуу талкууга алынды.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун 12-беренесинин аталышы "Экс-президенттин кол тийбестиги" деп калганын айтып, бул нерсе эртеңки күнү Конституциялык палатанын алдында маселе жаратып калышы ыктымалдыгын айтты. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Исхак Масалиев
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу - Sputnik Кыргызстан
Депутат Исхак Масалиев

"Аталышында кол тийбестик дегени менен мазмуну өзгөртүлгөн. Муну эске алып коюш керек. Башынан эле эч кандай формада кол тийбестик болбошу керек деген позициямды ачык айтып келем. 2006-жылы кол тийбестик дегенди түп-тамыры менен алып салганбыз. Биздин алдыбызда отурган (Конституциялык палатанын төрагасы Эркин Мамырканов жыйынга чакырылган — ред.) коноктордун чечими менен биз экс-президентти иштеп жаткан президент менен тең кылып койгонубуз туура эмес. 12-берененин аталышы туура эмес болуп, мазмунуна дал келбейт. Ар бир мыйзам кынтыксыз болушу кажет", — деди депутат.

Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул маселени Масалиев экинчи окууда да көтөргөнүн жана комитет менен палата аталышы менен мазумуну бир-бирине дал келет деген чечим кабыл алганын айтты. 

© Фото / пресс-служба "КГЮА"Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу - Sputnik Кыргызстан
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков

Өз кезегинде депутат Исхак Масалиев жыйында Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров дагы отурганын айтып, эгер мыйзамга каршы келбесе, өзүнүн оюн билдирип коюусун өтүндү.

Сөз алган Мамыров аны Жогорку Кеңештин жыйынына чакыруу кичине түшүнбөстүк жараткандай болуп жатканын белгиледи. Анткени Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата каралып жаткан мыйзам долбоорлоруна өз пикирин айта албайт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКонституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу - Sputnik Кыргызстан
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров

"Азыр менин пикиримди сурап жатасыз. Мен дагы бир жолу айтам, сот болобу, соттун төрагасы болобу, силер карап жаткан мыйзам долбооруна өз пикирин айта албайт. Эгер пикирин айтса, алдын ала кандай чечим чыгарын билдирген болуп калат. Ошондуктан азыр каралып жаткан мыйзам долбоорунун беренелери боюнча эч кандай комментарий бере албайм", — деди Мамыров.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев эл өкүлү Масалиев көтөргөн 12-берененин аталышын "Экс-президентти жазык жоопкерчилигине тартуу" деп техникалык жактан оңдоп койсо болорун айтты.

Андан кийин Зулушев Конституциялык палатанын төрагасына кайрылып, алар башынан ушундай позицияны карманышы керек болгонун билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Курманкул Зулушев
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу - Sputnik Кыргызстан
Депутат Курманкул Зулушев

"ЖМКларга чыгып, мыйзамды чечмелеп жибердиңиз. Экинчиден, Конституциялык палата эч качан өзүңөрдүн ыйгарым укуктарыңардан аша чаап Жогорку Кеңешке "мындай норма кабыл аласыңар" деген нерсе мыйзамда жок", — деди Зулушев.

Мамыров алар мыйзам боюнча эмес, өздөрү кабыл алган чечим боюнча комментарий бергенин, туура эмес маалымат болсо, аны жазган журналисттерден тактап сураш керектигин белгиледи.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сагынбаев: кол тийбестиги алынгандан кийин Атамбаевге иш козголушу мүмкүн
Зулушев Мамыровдор өткөргөн маалымат жыйындын видеосун толук көрүп чыкканын, ал мыйзамдын колдонулушундагы мөөнөт тууралуу түшүндүрмө берип койгонун айтты.

Эми бул маселе комитетте кенен-кесир талкуулана турганын жана ага Конституциялык палата да чакырыларын билдирди.

Эске салсак, үчүнчү окууга келген мыйзам долбоорунун 12-беренесинде төмөнкүчө жазылган:

"12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги"

Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул беренеде белгиленген чектердеги кол тийбестикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле буга байланыштуу кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгѳ дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти ал Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылгандан кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын экс-президентинин аракеттеринде кылмыш белгилеринин болушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган өзгөчө оор кылмыш жасоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан күнөө коюунун негизинде гана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиров эми спикер менен премьерге кол тийбестик берүүнү сунуштады. Чийки мыйзам
Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу үчүн каршы күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин кем эмесинин демилгеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

Кыргыз Республикасынын экс-президентин статусунан ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0