Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча эмнеге унчукпай жатканын түшүндүрдү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевРабочий поездка Мухаммедкалыя Абылгазиева в Баткенскую область
Рабочий поездка Мухаммедкалыя Абылгазиева в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев айрым тараптар өкмөт иш кылбай жатат деген пикирлерин четке какты.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган автоунаалардын өтө албай турушу боюнча өкмөт унчукпай жатат деген айрым пикирлерге өз оюн билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: өкмөттүн колунан келбесе, анда казактар менен, төрага, сиз сүйлөшүңүз
Абылгазиев чек арадагы абал курчугандан бери Казакстандын премьери Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөнүн айтты. Андан сырткары, Кыргызстан ЕАЭБге кирердеги келишимдердин сакталышын талап кылат.

Өкмөт башчынын айтымында, азыр эки мамлекеттин Бажы кызматтарынын жетекчилери Казакстандын премьеринин кабинетинде отуруп сүйлөшүп, туура чечимге келишкен.

Анын натыйжасы бир-эки күндө билинет.

"Кээ бири өкмөт унчукпай отурат деп жатышат. Экономикалык кээ бир маселелер жар салынбай эле чечилет. Абдан кылдат мамиле кылчу маселелер бар. Өкмөт аны карап байкоочу болуп турган жок, аны өзүбүздүн деңгээлде иштеп жатабыз, Кудай буюрса, бул чечилет. ЕАЭБдеги комиссиянын төрагасы менен да сүйлөштүк. Бүгүн-эртең туура чечимге келебиз деген ойдомун", — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жүздөн ашык фура Казакстанга кирүү үчүн узун кезекте турат. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товаларын тыкыр көзөмөлдөөсү себеп болуп жатканын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0