Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Архив

Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү Искандаров кызматтан кетти

145
(жаңыланган 17:20 09.04.2019)
Курбанбай Искандаров чек ара боюнча өкмөттүн өкүлү болуп жети жыл иштеди.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров өз арызына ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу. Архив
© Sputnik / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Искандаров өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангында эмгектенген.

Курбанбай Искандаров өкмөттүн аппаратында 2001-жылдан бери иштеп келген. Ал чек ара маселесин 2010-жылдан бери карай баштаганы маалым. 2012-жылы атайын өкүл болуп дайындалган.

145
Белгилер:
чек ара, өкмөт, Кыргызстан
Тема боюнча
Москвада кыргыз-тажик ТИМ жетекчилери жолукту. Чек ара маселеси козголду
Кыргызстан менен Тажикстан Душанбеде чек ара маселесин талкуулайт