Бабанов: атамдын үйүн сагындым, тынч жашаганды каалап турам...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив
Республика — Ата-Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал башына кыйынчылык түшкөн учурда кимдер жардамга келип, колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputniik. Атамдын үйүн сагындым, кичи мекенимди сагындым деди саясатчы, "Республика — Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Москвада НТС каналына маек берип жатып.

"Айылдагы үйүмө барып түнөп, бата кылат элем. Мага эч ким тийишпей, тынч жашаганды каалап турган учурум. Саясаттан башка дагы кызык нерселер бар. Экономиканы көтөрүш керек эле. Мен жардам берүүгө даярмын", — деди Бабанов.

Мындан сырткары, ал башына кыйынчылык түшкөн учурда кимдер жардамга келип, колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

Республика — Ата-Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов чет жакка эмнеге кеткендигин айтты
"Кыргызстандан кеткенден кийин үч ай өзүмө келе албай стресс болдум. Ошондо мага досторум, бир туугандарым, жакындарым жөлөк болду. Достуктун баркы билинди", — деп айтып берди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0