Жээнбеков: Кыргызстан жеке таарынычтардын эмес, идеялардын өлкөсү болушу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстанда саясий маданияттын калыптанышы үчүн биргеликте аракет кылуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда программа, идеяларга эмес, лидерликке умтулган саясатчылардын таймашы басымдуулук кылууда. Мындай пикирин өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, партиялык системаны өнүктүрүп, алардын арасында чыныгы саясий атаандаштыкты орнотмоюн парламенттик демократияны өнүктүрүү мүмкүн эмес.

"Буюрса биздин республика жеке таарынычтардын эмес, өлкөнүн өнүгүшү үчүн идеялардын талашын жараткан, башкалар суктанган демократиялуу мамлекет болот деп ишенем", — деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстанда саясий маданияттын калыптанышы үчүн биргеликте аракет кылуу керектигин кошумчалады.

Президенттин парламентте сүйлөгөн кебин Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0