Дарига Назарбаева алдыдагы президенттик шайлоо боюнча үн катты

© Sputnik / Болат ШайхиновГлава комитета сената по международным отношениям Дарига Назарбаева
Глава комитета сената по международным отношениям Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-апрель күнү Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турганын жар салган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Коом Казакстандын биринчи президентинин саясий чечими легитимдүү ишке ашышын күтүп жатат. Мындай пикирин өлкө сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева мөөнөтсүз президенттик шайлоо боюнча комментарий берип жатып айтканын Sputnik Казакстан жазды.

Эске салсак, 9-апрель күнү Казакстандын жаңы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турганын жар салган.

"Бул чечим туура жана өз учурунда кабыл алынды деп ойлойм. Президенттин жарлыгы коомчулуктагы көптөгөн суроолорго жооп болушу керек", — деди Назарбаева.

Спикер казакстандыктар тынчтыкты жана экономикалык туруктуулукту баалай турганын кошумчалады.

"Ошол себептен, мекендештер биринчи президенттин чечими легитимдүү болушун күтүп жатат. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери Казакстандын өнүгүү курсу өзүнүн таасирдүүлүгүн далилдеп келе жатат. Ал бүткүл дүйнөгө экономикалык өсүш, улуттар аралык ынтымак жана баалуулуктардын жаркын мисалы боло алды", — деди спикер.

10-апрелде башталган президенттикке талапкерлерди тандоо иш-чарасы 28-апрелде саат 18.00дө аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0