Митингге чыкпагыла! Бабанов Кыргызстанга келбей калган себебин айтты. Видео

© Фото / пресс-служба ЖКЖКнын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив
ЖКнын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, буга чейин маалымдалгандай, Бабанов Кыргызстанга бүгүн, 13-апрелде, келе турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга бүгүн келбей турганын өзүнүн видео кайрылуусунда айтты.

Бабанов анын келишин күтүп, тынчтык, майрам митингин өткөрүү учурунда үчүнчү күчтөр чагымчыл аракеттерди жасап жиберүүсү боюнча маалыматтар келип жатканын айтып, Кыргызстанга тынч келүүнү каалаганын билдирди.

Эске салсак, буга чейин маалымдалгандай, Бабанов Кыргызстанга бүгүн, 13-апрелде, келе турганын айткан болчу.

"Мен аэропортто турам, өзүм үчүн өтө жооптуу чечимди терең ойлонуу менен кабыл алдым. Түнү менен штабдан мени колдогон адамдар телефон чалып, мени тосуп алуу боюнча майрам митинги, тынчтык митинги учурунда үчүнчү күчтөр тарабанын чагымчылдык даярдалып жатканын айтышты. Мен үчүн Кыргызстандагы тынчтык, биримдик жөн эле сөз эмес. Ошонун негизинде мен бир жарым жыл сыртта жүрдүм. Мен үчүн ар бириңердин жашооңор кымбат. Ошонун негизинде үчүнчү күчтөргө мени колдогон, күч-кубат берген элимдин курал болушун каалабайм. Андыктан мени колдоп тынчтык митингин токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык керек, биримдик керек. Кээ бирөөңүздөрдүн ишенимиңерди аткара алабасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых өзү баа берет. Мага Кыргызстанымдан, элимден башка байлык жок", — деди ал.

Бабанов өз сөзүндө анын негизги максаты Кыргызстанга тынч кайтып келип, ар бир колдоочусу менен жолугуп, жүз көрүшүп, ой алмашуу экенин кошумчалады. Аны менен катар мекенин, элин сагынганын айтып, жакынкы күндөр сөзсүз келе турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0