Республика партиясынын желекчелери. Архив

Токтоттук! "Республика" партиясынын билдирүүсү

316
(жаңыланган 11:08 13.04.2019)
Бабанов өзү да Кыргызстанга келбей турганын, аны колдоп уюштурула турчу митингди токтото турууга чакырган болчу.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Республика" партиясы Өмүрбек Бабановду тосуп алуу боюнча пландаган бардык иш-чараларын токтотту. Бул тууралуу партиянын өкүлү Канат Мидин уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин Бабанов өзү да Кыргызстанга келбей турганын, аны колдоп уюштурула турчу митингди токтото турууга чакырган болчу.

Партия 13-апрелде Бишкектин эски аянтында 10 миң адамдын катышуусунда саат 14.00дөн 20.00гө чейин митинг өткөрүү үчүн мэрияга кат жолдогон. Андан соң Биринчи Май райондук акимиаты митинг өткөрө турган жерди чектөөнү суранып сотко кайрылган.

Ал эми Биринчи Май райондук соту саясатчы Өмүрбек Бабановду колдоо митингин эски аянтта өткөрүүгө тыюу салды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе "мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын" эске салган.

316
Белгилер:
саясый партия, Бишкек, митинг, Өмүрбек Бабанов
Тема боюнча
Кыргызстанга кайткан саясатчыларды кандай тагдыр күтүп турган. 6 мисал
Сот эски аянтта Бабановду колдоо митингин өткөрүүгө тыюу салды
Бабанов Кыргызстанга келбей калышы мүмкүнбү? Казакбаевдин жообу