Карамушкина КСДПнын айланасындагы чуу боюнча: мындай бетпактыкты көргөн эмесмин

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү ЖМКларда КСДПнын юридикалык маалыматтары алмашканы боюнча маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Юстиция министрлигин КСДПнын юридикалык жактары тууралуу маалыматтардын өзгөрүүсү боюнча сынга алып, бул боюнча расмий жооп берүүнү талап кылды.

Жергиликтүү ЖМКларда КСДПнын юридикалык маалыматтары алмашканы боюнча маалыматтар тараган. Анда партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлүп, партиянын жайгашкан жери Эркиндик 45 деп турат.

"Биз кайта президенттик башкарууга бара жатабызбы? Азыр Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык маалыматына өзгөртүү киргизгени боюнча маалымат тарап жатат. Жетекчи деген жерде Атамбаевдин фамилиясынын ордуна Абдрахманов деп өзгөрүптүр. Юридикалык дареги да "Шабдан баатыр, 4Б" дарегинен "Эркиндик, 45" деп өзгөрүптүр", — деди ал.

Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КСДПга жаңы саясий кеңеш шайладык, мен лидер бойдон калам
Карамушкина ошондой эле бул кадамды кантип баалаш керектигин билбей жатканын кошумчалады.

"Муну кантип баалаш керек? Башка партияга болгон мындай бетпактыкты мен буга чейин көргөн эмесмин. Биз укуктук талаада утулуп жатабызбы? Бийликтин алсыздыгы ушунда, мына Юстиция министрлигине чейин басым кылып жатат", — деди ал.

Депутат анын бул кайрылуусу президент Сооронбай Жээнбековго жана анын аппаратына да тиешелүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0