КСДПнын жетекчисин кантип алмаштырышты. Юстиция министрлигинин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание СДПК в Жогорку Кенеше
Заседание СДПК в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдрахмановдун партиянын жетекчилигин алмаштыруу боюнча Юстиция министрлигине 2019-жылдын 5-апрелинде кайрылгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчилиги "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановдон аталган саясий партиясынын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын, жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабарлама келип түшкөндөн кийин алмаштыргандыгын билдирди. Бул туурасында аталган министрлик билдирүү таратты.

"КРдин Юстиция министрлигинин дарегине "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясын кайра каттоодон өткөрүү боюнча документтер келип түшкөн эмес. Бирок 2019-жылдын 5-апрелинде "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 18-беренесинин талаптарынын алкагында Юстиция министрлигинин дарегине С.Абдрахмановдун колу менен КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын, саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабардама келип түшкөн. Бул кабардамага аталган партиянын 2019-жылдын 3-апрелинде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (С.Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген", — деп айтылат маалыматта.

Андан ары министрлик төмөнкүчө түшүндүрмө берген:

Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КСДПга жаңы саясий кеңеш шайладык, мен лидер бойдон калам
"Аталган мыйзамдын 18-беренесине ылайык, юридикалык жак мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календарлык күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү, анын ичинде төмөнкү маалыматтар өзгөргөн учурда:

  • жетектөөчү органынын курамы, жетекчиси;
  • жайгашкан жери (юридикалык дареги).

Бул учурда каттоочу органга жаӊы жетекчини тандоо жана жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечимди, ошондой эле паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсүн тиркөө менен, юридикалык жактын жетекчисинин колу менен кабардама берилет. Башкача айтканда, юридикалык жактын жетекчисин алмаштыруу жөнүндө Юстиция министрлигине жиберилген кабардама юридикалык жактын милдети болуп саналат, ал эми Юстиция министрлиги үчүн аталган билдирүү кабарландыруу мүнөзүндө болот.

"Белгилеп кетсек, кабарландыруу мүнөзү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн юридикалык жоопкерчилик арыз ээсинде болушун талап кылат", — деп айтылган маалыматта.

Мындай учурларда каттоочу орган кабарламаны алып, 7 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаш керектиги айтылган.

"Андыктан, бул иш-аракеттер Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жасалган", — деп билдирген аталган министрлик.

Жогорку Кеңештин депутаты  Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын мындан аркы тагдыры тууралуу айтты
Юстиция министрлигинин сайтында партиянын жетекчисинин, дарегинин жана тиешелүү маалыматтарынын өзгөргөнү жазылып турат.

Бул жерде КСДПнын телефону менен юридикалык тарабынын электрондук дареги гана өзгөртүлбөгөн тейде калган.

Бул окуяга КСДП мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина нааразылыгын билдирди.

Өзү түптөгөн КСДПны Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0