Сагынбек Абдрахмановдун архивдик сүрөтү

Сагынбек Абдрахманов КСДПнын эсептеги акчасы менен мөөрүн талап кылды

541
(жаңыланган 14:39 18.04.2019)
Ал эми маалымат жыйында өзүн юрист деп тааныштырган Жапаров "дагы көп жаңылык болорун" билдирди.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. КСДП жетекчилиги ага кантип катталганы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Сагынбек Абдрахманов жана анын юристи Муратбек Жапаров партиянын мурдагы ээлеринен акча каражаты жаткан эсептерди берүүсүн талап кыларын айтты.

"Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, юридикалык бардык кадамдарды этабы менен баарын мыйзамдуу жасадык. Абдрахманов партиянын жаңы төрагасы болду, каттаттык. Эми Алмазбек Шаршеновичтин доору бүттү. КСДПнын укуктары менен милдеттери бизде. "Медиа Форумдагы" партиянын жеке буюмдарын, бардык акчалар жаткан эсептерди берүүсүн суранам. Болбосо биз тартип коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болобуз", — деди Жапаров.

Ал эми Абдрахманов бул боюнча Улуттук банкка кайрылып жаткандыктарын жана партиянын уставы менен мөөрү жаңыланарын айтты.

"Устав менен мөөрдү бергиле деп кайрылганыбыз менен жооп болгон жок. Биз кайра жаңы мөөр жасатып жана партиянын уставынын негизинде жаңы устав жазмакчыбыз", — деди Абдрахманов.

Ал эми Жапаров "дагы көп жаңылык болорун" билдирди.

"Азыр бизде акырындап кайра каттоо жүрүп жатат. Андыктан жаңы жаңылыктарды күтүп тургула", — деди ал.

Эскерте кетсек, Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчилиги "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановдон аталган саясий партиясынын жетекчиси катары катталгандыгын билдирген.

541
Белгилер:
КСДП фракциясы, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Карамушкина КСДПнын айланасындагы чуу боюнча: мындай бетпактыкты көргөн эмесмин
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

55
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

55
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

91
Россия чет мамлекеттерге иштеп чыккан вакцинасын массалык түрдө жөнөтпөйт. Анын ордуна башка өлкөлөр менен вакцинанын технологиясын бөлүшүүгө даяр. Бул туурасында Гамалея атындагы институттун директору Александр Гинцбург билдирди.

Учурда Россияда дагы эки вакцина сыноодон өтүп жатат. 2020-жылдын 22-сентябрында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы дарыны клиникалык жактан сыноого уруксат берди. Аны Россиянын илимдер академиясы иштеп чыккан. "Вектор" илимий борбору жасаган дагы бир вакцинаны сыноо аяктап бара жатат. Жакынкы чет өлкөлөр россиялык вакцинаны кантип ала алат жана эмне үчүн Россия өзүнүн иштеп чыккан ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин биздин видеодон көрүңүз.

91
Белгилер:
Технологиялар, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, КМШ, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Ош облусунун жашоочулары. Архивдик сүрөт

Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

86
(жаңыланган 23:25 25.09.2020)
Коронавирус боюнча статистиканын төмөндөгөнүнөн бир ай өтпөй өлкөдө кайра илдет илештирген жаңы учурлардын саны өсүп баштады. Азыркы тапта коронавирус көп аныкталып жаткан аймактарда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Акыркы эки күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кетти. Кечээ 127 адамдан COVID аныкталса, бүгүн Республикалык штаб 175 адам вирус жуктуруп алганын кабарлады. Статистикада жазылгандай, ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коронавирус көп катталып жаткан аймактардагы абалды билип, жергиликтүү дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ош облусу

Өткөн суткаларда коронавирус Кыргызстандын түштүк аймактарында көп катталган. Алсак, 25-сентябрга карата Ошто 50 кишиден вирус табылды. 31-август менен салыштыра турган болсок, ал күнү аталган аймакта алты гана кишиден коронавирус табылган.

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов коронавирустун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Директор Ноокатской территориальной больницы Асамидин Марипов
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
"Акыркы жумада кайрылгандардын саны өстү. Биз болжонуп жаткан экинчи толкунга оорукананы даярдап, дары-дармектин корун камдадык. Бирок маселе башкада. Азыр мурдагыдай алгоритм жок. Анда эпидиликтөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгондун баарын таап, обсервацияга жаткырчу. Мындай жол менен илдеттин жайылышын аз да болсо алдын алганбыз. Азыр оорулуу менен байланышта болгондор табылган күндө деле үйдө изоляцияга жөнөтүлүүдө. Бирок аны канчасы аткарып жатканын кайдан билебиз. Айрымдар эрежелерди эске алып да койгон жок", — деди Марипов.

Анын айтымында, райондогу оору жуктургандардын үчтөн эки бөлүгү үйдөн дарыланып жатышат. Калгандары ооруканага жаткырылууда. Марипов мамлекет үй карантинине жиберилгендерди көзөмөлдөө үчүн бийлик натыйжа берген ыкмаларды ойлоп табышы керектигин кошумчалады.

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Жалал-Абад облусу

Өткөн сутканын ичинде Жалал-Абад облусунда 22 кишиден коронавирус аныкталган. Ошол эле мезгилде 10 киши дартты жеңгени айтылды. Белгилей кетсек, март айында өлкө ичинде биринчилерден болуп дал ушул аймактан коронавирус катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган аймактагы координатору Замира Чойбекова бийлик азыр стационарлар менен мобилдик бригадалардын ишин кайра жандантуу боюнча маселени карап жатканын билдирди.

"22 учурдун 10у лабораториялык жактан такталды. Бактыга жараша, алардын ичинен тогузунун абалы орто жана жеңил формада өтүүдө. Бир бейтап болсо ооруканадан дарыланып жатат. Пневмонияга кабылган 12 адам дагы ооруканага жаткырылды. Азыр базар, дүкөндөр иштеп, тойлор башталгандыктан, адамдар вирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатышат", — деди Чойбекова.

Ал коронавирус жуктуруп үйлөрүнө дарыланууга кеткен бейтаптарга дарыгерлер бардык инструкцияны түшүндүрүп жатканын айтып, бирок аларды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

"Оорунун очогу деле боло элек. Ар кайсы айылдан бирден-экиден кишиде вирус табылып жатат. Эгер алардын үй-бүлөсүндөгү бирөө жарымдан вирус чыкса, анда алар изоляция эрежесин сактабай эле жүргөндөн кабар берет", — деди министрликтин аймактагы координатору.

Баткен облусу

Эгер Баткен облусундагы калктын саны менен карай турган болсок, кооптуу кырдаал дал ушул аймакта байкалууда. Анткени бир сутканын ичинде эле Баткенде 41 кишиден коронавирус табылганы маалымдалды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Баткендеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асел Кошбаеванын айтымында, аймакта коронавирус менен ооругандар көп.

"Облус боюнча ар бир короону текшерип жатабыз. Мисалы, Кадамжайда 1 202 киши медициналык кароодон өткөрүлүп, анын 27синин дене табы жогору экени аныкталды. Коронавирустун белгилери байкалганда ооруканага өздөрү кайрылгандар бар, айрымдар үйлөрүнөн эле дарыланып жатат. Оорулуу адамдар менен байланышта болгондордун арасынан да коронавирус табылып жатат. Буга чейин биз бийликке ири базарларды жабуу сунушун киргизгенбиз, бирок ал аткарылган жок",— деди Кошбаева.

Ал эпидемиологдор азыркы кырдаалды эске алып, облусту карантиндик зоналарга бөлүп, чектешкен жерлерине блокпостторду коюуну көздөп жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун бийлиги бет кап тагынуу режимин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бишкекте да санитардык көзөмөл күчөгөнүн мэрия жар салды.

Мындан сырткары, коронавирус жуктурган жаңы учурлар көп каттала баштагандыктан бүгүн Республикалык штаб шашылыш жыйын өткөрдү.

86
Белгилер:
экинчи толкун, статистика, дарт, оору, аймак, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар