Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт

Талашка түшкөн КСДП. Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылды

2244
(жаңыланган 15:10 18.04.2019)
Экс-президент Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен кызматкерлерин эле эмес, министрликтин ишин тескеген президент менен өкмөттүн аппаратындагы жетекчилерди да суракка алуу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын бузулган укуктарын тезинен калыбына келтирүүнү талап кылды. Кайрылууну КСДПнын маалымат кызматы таратты.

Белгилей кетсек, Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчилиги "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановдон аталган саясий партиясынын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын, жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө кабардама келип түшкөндөн кийин алмаштыргандыгын маалымдаган.

Атамбаевдин кайрылуусунда юстиция министри Марат Жаманкуловдун дарегине жазылган үч эскертүүгө жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун министрдин орун басары Максатбек Есеналиев менен көзмө-көз жолукканына карабай, аталган министрлик Мамлекеттик бирдиктүү реестрге мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизгени айтылат.

"Мыйзам бузган жорук даярдалып жатканы боюнча алдын ала толук маалымат берилген. Бирок Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президенти жетектеген ири саясий партиянын эскертүүсүн көңүл сыртында калтырып койгон. Мындай мамиле акыркы алты айдан бери уланып келүүдө. Бул көрүнүш министр менен орун басарларынын жазаланбай турганына ишеними күч экенин көрсөтүп турат", — деп айтылат кайрылууда.

Экс-президент Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен кызматкерлерин эле эмес, министрликтин ишин тескеген президент менен өкмөттүн аппаратындагы жетекчилерди да суракка алуу керек деп эсептейт.

Мындан тышкары, аталган мыйзам бузууну Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоону талап кылып, Кылмыш жаза кодексине ылайык, сотко чейинки тергөө иштеринин башталышын кабарлап коюуну кошумчалаган.

Ал эми КСДПга жаңы лидер болуп катталган Сагынбек Абдрахманов жана анын тарапташтары бүгүн, 18-апрелде, маалымат жыйын өткөрүп, "Атамбаевдин доору бүткөнүн" айтып, эсептеги акчанын баарын өткөрүп берүүнү талап кылган.

2244
Белгилер:
мыйзам бузуулар, кайрылуу, Башкы прокуратура, КСДП фракциясы, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
КСДПнын жетекчисин кантип алмаштырышты. Юстиция министрлигинин жообу
Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын мындан аркы тагдыры тууралуу айтты
Масалиев Жогорку Кеңеште КСДПсыз жаңы коалиция түзүүнү талап кылды
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

55
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

55
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

93
Россия чет мамлекеттерге иштеп чыккан вакцинасын массалык түрдө жөнөтпөйт. Анын ордуна башка өлкөлөр менен вакцинанын технологиясын бөлүшүүгө даяр. Бул туурасында Гамалея атындагы институттун директору Александр Гинцбург билдирди.

Учурда Россияда дагы эки вакцина сыноодон өтүп жатат. 2020-жылдын 22-сентябрында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы дарыны клиникалык жактан сыноого уруксат берди. Аны Россиянын илимдер академиясы иштеп чыккан. "Вектор" илимий борбору жасаган дагы бир вакцинаны сыноо аяктап бара жатат. Жакынкы чет өлкөлөр россиялык вакцинаны кантип ала алат жана эмне үчүн Россия өзүнүн иштеп чыккан ыкмасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин биздин видеодон көрүңүз.

93
Белгилер:
Технологиялар, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, КМШ, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Украинада аскер учагы кулады

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

58
(жаңыланган 01:46 26.09.2020)
Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын Харьков облусунда Ан-26 деп аталган аскер учагы кулады. Андан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Кырсыктын видеосу басылманын Telegram -каналына жарыяланган.

​"25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктады. Учак жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу. Арасында каза болгондор, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.

58
Белгилер:
өрт, кырсык, учак, Харьков, Украина
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео