Мамкаттоонун башчысы Шаикова иштен алынды

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Шаикова 2018-жылдын 14-февралынан тарта мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0