Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЦеремония награждения победителей VI кинофестиваля хоррор-фильмов "Капля"
Церемония награждения победителей VI кинофестиваля хоррор-фильмов Капля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру аяктап, алдын ала маалымат боюнча шоумен, актёр Владимир Зеленский жеңишке жетти. Ал тургай, аны башка өлкөнүн президенттери куттуктай баштады. Буга чейин саясатка аралашпаган адамдын президент болушу көпчүлүккө күтүүсүз болгон өңдүү.

Бирок президенттик тактыга кокустан отурган жалгыз эле Зеленский эмес экен. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө башчылыгына саясий тажрыйбасы жок же башка эле кесиптен келип калган дүйнөдөгү ажолорду санап көрдү.

Илимден дароо саясатка келген Аскар Акаев

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев

Тизмени Кыргызстандын биринчи президенти менен баштайбыз. Белгилүү окумуштуу Аскар Акаев 1989-1990-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясын жетектеген. 1990-жылдын октябрь айында өлкөнүн Жогорку Кеңеши, легендарлуу парламент президентти тандайт. Акыркы добуш берүүгө бир нече талапкердин ичинен эки талапкер чыгат. Алардын бири — ошол учурдагы өлкө башчысы Абсамат Масалиев, экинчиси министрлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов эле. Экөө тең 175 добуш топтой албай кайрадан жаңы добуш берүү дайындалып, ага башка да талапкерлер көрсөтүлөт. Арасында Акаев да бар эле. Экинчи турга Аскар Акаев менен Насирдин Исанов чыгып, Акаев көпчүлүк добуш менен президент болуп шайланган. Ал өлкөнү 2005-жылга чейин башкарып, "Жоогазын революциясынан" кийин мекенин таштап Москвага кеткен.

Түнкү клубда бийчи болуп иштеген Аргентина президенти

© AP Photo / Eduardo Di Baia, fileИсабель Перон — дүйнөдөгү эң биринчи аял президент
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
Исабель Перон — дүйнөдөгү эң биринчи аял президент

Исабель Перон — дүйнөдөгү эң биринчи аял президент (1972-1974). Ал аргентиналык саясатчы, өлкө башчысы Хуан Перондун үчүнчү аялы. Исабель Перондун өз аты Мария Эстела Мартинес. Болочок күйөөсү генерал Хуан Перон менен 1955-жылы таанышкан. Ал учурда Перон Аргентинадагы төңкөрүштөн кийин Панамада жашап жаткан болот. Панамада Исабель түнкү клубда бийчи болуп да иштеген.

Владимир Зеленский жубайы Елена менен - Sputnik Кыргызстан
Украинанын 41 жаштагы болочок биринчи айымы. Елена Зеленская жөнүндө фактылар
1973-жылы Хуан Перон саясатка кайрадан келип, үчүнчү ирет президенттикке ат салышып жеңишке жетет. Ал эми жубайы Исабель Перон вице-президенттикке көрсөтүлөт. 1974-жылы Хуан Перон каза болуп, ажолук милдет дароо эле Исабелге жүктөлгөн. Бирок анын президенттик доору эки жылга гана созулат. 1976-жылы, мөөнөтүнүн аяктарына бир жыл калганда, аскер адамдары аны тактан алып түшүп, Исабель үй камагында отурган. 1981-жылы Испанияга чыгып кеткен.

Жеральд Форд

CC0 / David Hume Kennerly / Gerald Ford's presidential portraitЖеральд Форд АКШдагы президент катары да, вице-президент катары да эл тарабынан шайланбаган жападан жалгыз ажо
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
Жеральд Форд АКШдагы президент катары да, вице-президент катары да эл тарабынан шайланбаган жападан жалгыз ажо

Жеральд Форд тажрыбайлуу саясатчы болгон. Бирок ал бийликке башкача жол менен келип калган. Кошмо Штаттарда президентке жана вице-президентке кош шайлоо өтөт. Башкача айтканда, бардык америкалыктар экөөнө добуш берет. Эгер президент кандайдыр бир себептер менен милдетин аткара албай калса, анда төрт жылдык мөөнөткө дароо өлкө башчысы болуп вице-президент калат. 1972-жылы Ричард Никсон Спиро Агню менен экинчи ирет жеңишке жетишет. Бирок бир жылдан кийин Агню вице-президенттик кызматтан кетип, ордуна Форд келет. Анын талапкерлигин Американын парламентинин эки палатасы тең жактырган. 1974-жылы Никсон Уотергей ишинен (мыйзамсыз угуудан) кийин отставкага кетип, Форд дароо президент болуп калган. Жеральд Форд АКШдагы президент катары да, вице-президент катары да эл тарабынан шайланбаган жападан жалгыз ажо.

Футболчу Веа

© AFP / STEPHANE MAHE / POOL Либериянын 27чи башчысы Жорж Веа
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
Либериянын 27чи башчысы Жорж Веа

2018-жылдын 22-январынан тарта Либерияны футболчу Жорж Таулон Манне Оппонг Усман Веа жетектей баштаган. Веа жогорку билимди эч жерден алган эмес. Ал 1995-жылы ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу, Европанын мыкты футболчусу жана жылдын мыкты африкалык футболчусу аталып, "Алтын топтун" ээси болгон. Футбол жаатында карьерасы аяктагандан кийин саясий-гуманитардык иштер менен алектене баштайт. 2005-жылы Либериянын президенттигине ат салышып өтпөй калган. Биринчи турда жеңишке жеткени менен, экинчи турда Элен Жонсон-Серлифге утулуп калган. Ага карабай кийинки 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, Либериянын 27чи башчысы болуп тандалган.

Дагы бир спортчу президент Пал Шмитт

© AP Photo / Paul White2010-2012-жылга чейин Венгрияны башкарган Пал Шмитт
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
2010-2012-жылга чейин Венгрияны башкарган Пал Шмитт

Фехтование боюнча эки ирет Олимпиаданын (1968 жана 1972-жылда) жеңүүчүсү, ушул эле спорттун түрү боюнча дүйнөлүк жана Европадагы чемпионатты жеңген Пал Шмитт 2010-2012-жылга чейин Венгрияны башкарган. 1993-жылдан тарта Венгриянын парламентинде спикер жана Европарламенттин вице-төрагасы болгон. Бирок саясаттагы карьерасы көпкө созулган эмес. Анын докторлук диссертациясынан плагиат табылган соң, Шмитт кызматтан кеткен. Эске салсак, экс-президенттин жубайы Каталин Макраи бруста көнүгүү жасоо боюнча Олимпиаданын (1964-жыл) вице-чемпиону.

АКШны сегиз жыл башкарган актёр, радио алып баруучу

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүү1980-жылкы шайлоодо жеңишке жетип, АКШнын президенти болгон Рональд Рейган
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
1980-жылкы шайлоодо жеңишке жетип, АКШнын президенти болгон Рональд Рейган

Америка Кошмо Штаттарынын 40-президенти Рональд Уилсон Рейган карьерасын радиодо алып баруучу болуп баштаган. Кийинчерээк киностудиялар менен келишим түзүп, тасмага тартыла баштайт. Кино жаатында ага "Кингз Роу" тасмасы атак-даңк алып келген. Жалпы 50дөн ашык тасмага тартылган. 1950-жылдары Рейган акырындан саясатка аралашып, 1967-жылдан 1975-жылга чейин Калифорния штатынын губернатору болот. 1976-жылы республикалык партиядан АКШдагы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүп өтпөй калат. 1980-жылкы шайлоодо жеңишке жетип, АКШнын президенти болгон.

Мамлекеттик резиденциядан баш тарткан Монголиянын сүрөтчү президенти

© REUTERS / RENTSENDORJ BAZARSUKHМонголиянын азыркы президенти Халтмаагийн Баттулга
Бийчи, актер, сүрөтчү. Кокусунан президент болуп калган лидерлер - Sputnik Кыргызстан
Монголиянын азыркы президенти Халтмаагийн Баттулга

Монголиянын азыркы президенти Халтмаагийн Баттулга — аталган өлкөдө 63 жылдан бери калыптанып калган салтты бузуп, мамлекеттик резиденцияда жашоодон баш тартып, жумушка жөө каттаган президент. Баттулга саясатка кокустан келген деп айтууга болбойт, бирок кесиби боюнча салт болуп калгандай юрист, экономист эмес, чыгармачыл адам. Ал монументалдык искусство боюнча билим алып, жергиликтүү сүрөтчүлөр ассоциациясынын мүчөсү болгон. Дзюдо жана самбо менен машыгып Монголия курамасына кирген, самбо боюнча дүйнөнүн вице-чемпиону. Кийин Баттулга ишкерлик чөйрөгө аралашып, азыркы тапта Монголиянын бай адамдарынын катарын толуктайт. Саясатка 2004-жылы келип, Монголия парламентине депутат болуп шайланган. Кийинчерээк Транспорт, Айыл чарба жана өнөр жай министрликтерин жетектеген. 2017-жылы Монголиянын президенти болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0