Ким Чен Ын Россияга сооттолгон поезд менен келди

© REUTERS / KCNAТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Приморьенин борборуна Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон келип түшкөн.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россия лидери Владимир Путин менен жолугуу үчүн Владивостокко зооттолгон поезд менен келди. Бул туурасында РИА Новости Кореянын Борбордук телеграф агенттигине шилтеме кылып берди.

Буга чейинки маалыматтарда жолугушуунун эртең, 25-апрелде, болору, ал эми анын пландалган аймакка шаршемби күнү келери айтылган.

Лидер Северной Кореи Ким Чен Ын прибывает на железнодорожную станцию Донг Данг во Вьетнаме на границе с Китаем, 26 февраля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Ким Чен Ындын октой учкан котормочусу интернет жылдызына айланды. Видео
Ким Чен Ынды Кореянын "Эмгек" партиясынын төрагасынын орун басарлары Ким Пхён Хэ менен О Су Ён, ТИМ башчысы Ли Ён Хо, Корея элдик армиясынын башкы штабынын начальниги Ли Ён Гиль, ТИМ жетекчисинин биринчи орун басары жана башка расмий тараптар коштоп жүрөт. Анткен менен Кореянын биринчи айымы Ли Соль Чжунун фамилиясы тизмеде көрсөтүлгөн эмес.

Ким Чен Ындын Россияга биринчи сапары 2011-жылы болгон. Алдыдагы саммит 25-апрелде Владивостоктогу Орус аралында өтөт. Башкы тема катары Корей жарым аралынын өзөктүк куралдар боюнча көйгөйлөрүн жолго салуу жана эки тараптуу мамиле талкууга алынат.

Приморьенин борборуна Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон келген. Шейшемби күнү Владивостоктогу аба майданга Пхеньяндан келген эки учак конду. Кореялык ЖМКлардын жазганына караганда, Ким Чен Ындын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү буга чейин келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0