Жолдошбаев Абылгазиевди "Капиталисттик эмгектин баатыры" атады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ошондой эле өкмөт жасаган иштерин чоң экрандан көрсөтүп абдан жакшы кылганын айтты.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев премьер Мухаммедкалый Аблыгазиевге "Капиталисттик эмгектин баатыры" деген наам берүү керектигин айтты.

Бүгүн, 24-апрелде, Абылгазиев өкмөттүн 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берип жатат.

Депутат өкмөттүн ишинин залдагы чоң экрандан көрсөтүлүшү өзгөчө таасир бергенин айтты.

"Кээ бир министрлердин жок экенине карабай иштеп жатасыңар. Бул мактоого арзыйт, сизге иштегениңер үчүн "Капиталисттик эмгектин баатыры" деп баа берсе болчудай. Азыр "Социалисттик эмгектин баатыры" деген жок да", — деди депутат.

Жолдошбаев талкуу учурунда өкмөт башчыдан коомдо талкуу жаратып жаткан уран кени боюнча да суроо бергенге жетишти.

Эл өкүлү буга чейин Нарын облусунда карышкыр күч болуп жатканын айтып, аларды танк жана тик учак менен атып күрөшүү керектигин да билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0